• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы конфликттин бардык тараптары менен байланыштамын – Путин

Саясат 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. «Кыргызстандагы конфликттин бардык тараптары менен байланыштамын», - деп билдирди Россиянын президенти Владимир Путин «Россия 1» телеканалынын журналисти Павел Зарубинге берген маегинде.

Анын айтуусунда, жакында өткөн Кыргызстандагы парламенттик шайлоону эл аралык байкоочулар гана эмес, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрү өттү жана демократиялык деп тапты.

«Албетте, андан кийин болгон окуялар бизди тынчтандырбай койбойт. Биз баары тынчтык жолу менен чечилип, кадимки демократиялык саясий процесс калыбына келет деп үмүттөнөбүз», - деди Путин.

Пикир

Оставить комментарий