• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга келишинин максатын айтып берди

Саясат 0

Бишкек, 13.09.20. /Кабар/. Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван И КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен болгон жолугушуудан кийинки маалымат жыйында өзүнүн расмий сапарынын максаты тууралуу айтып берди.

Ал Кыргызстанга расмий сапар менен келип жатканына кубанычта экенин билдирди.

"Менин келишимдин максаты - COVID-19га каршы күрөштө кызматташууну чыңдоо. Пандемия чыккандан кийин биздин элдер ынактыкты көрсөттү. КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөр учурунда коронавируска каршы күрөш боюнча манилүү макулдашууларга жетишти", - деди ал.

Ал Кыргызстан коронавирус боюнча кырдаалды колго алганын билдирди.

"Биз Кыргызстандын өзүнүн улуттук өзгөчөлүктөрү бар өнүгүү жолдорун колдойбуз. Биз Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүлөргө каршыбыз. Биз Кытайдын түз кызыкчылыктарына тиешелүү маселелердеги колдоого ыраазычылык билдиребиз", - деди ал.

Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга коронавирустан кийинки мезгилдеги өз ара кызматташтыкты жандандыруу үчүн келгенин билдирди.

"Пандемияга байланыштуу жылдын биринчи жарымында болгон жоготуулардын ордун толтуруубуз керек. Кызматташууну жандандыруу керек. "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө бекети иштеп баштаганы тууралуу маалымат бизди кубандырды", - деди ал.

Ал Кытай Кыргызстандан айыл чарба продукциясынын импортун көбөйтүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле ал Кытай Кыргызстан менен санарип тармагында кызматташууга даяр экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий