• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылы Ош шаарында 287 жаңы ишкана ачылган

Аймак 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 8-февралда Ош шаарында 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык мекеме-ишканалардын жана кызматтардын жетекчилери катышты.

Коллегиянын алкагында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча маалымат берип, Ош шаарында 2022-жылдын январь-декабрында экономиканын өсүү темпи турукташып, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча жетишкендиктер жаралганын белгиледи.

“Үстүбүздөгү жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү 2,5 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдагы жергиликтүү бюджеттин көлөмүнө салыштырмалуу 900 млн сомго көбөйгөн.

Өнөр жай ишканалары тарабынан 2022-жылдын январь-декабрында 6 млрд 72 млн сомдук продукция өндүрүлүп, 2021-жылдын январь-декабрына карата физикалык көлөмдүн индекси 90,5 пайызды түзгөн.

Айыл чарба продукциялары 1 млрд 336 млн сомдук өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 87,5 пайызды түзгөн. Шаардын чарба жүргүзүүчү субьектилери тарабынан көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 2022-жылдын январь-декабрында 90,3 млрд.сомду түзүп (2021-жылы 72,3 млрд сом), 2021-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 4,9 пайызга, же 4,2 млрд сомго жогорулаган.

2023-жылдын 1-январына карата жумуш издеп, иш менен камсыз кылуу мамлекеттик органында каттоодо турган жумушсуз калктын саны 5 551 адамды (2022-ж. 6162 адам) түзүп (анын ичинен аялдардын саны 2672 адам), 2022-жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 9,9 пайызга, же 611 адамга, ал эми катталган жумушсуздардын саны 3065 адамды (2021-ж. 3356 адам) түзүп, салыштырмалуу 8,6 пайызга, же 302 адамга азайган.

Ош шаарында 2022-жылы 287 жаңы чарбалык субъекттер катталып, 1872 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.

Бажы статистикасынын маалыматтарынын негизинде шаардын тышкы соода жүгүртүүсү 2022-жылдын январь-ноябрында 316,2 млн. АКШ долларын түзүп (26,5 млрд. сом), 2021-жылга салыштырмалуу 18,0 пайызга көбөйдү. 2022-жылдын январь-декабрь айларынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы трансферттерди жана атайын каражаттарды кошкондо жеткирилген план 2 млрд. 294,2 млн. сом болсо, аткарылышы 2 млрд. 296,9 млн. сомду түзүп, 2,7 млн. сомго көп, же 100,1 пайызга аткарылган.

Өткөн жылы камсыздандыруу боюнча жеткирилген план 2 млрд. 236,1 млн.сомду түзгөн болсо, аткарылышы 2 млрд. 463,5 млн. сомду түзүп, же болбосо 110,2 % аткарылып, планга карата 227,4 млн. сомго ашыгы менен жыйналды, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 758 млн. сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 144,4 % түздү. 2022-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү 94,9 % аткарылып, такталган план 2 млрд. 294 млн. сом болсо, аткарылганы 2 млрд. 177 млн. сомду түзгөн. 2022-жылы жергиликтүү бюджеттен үлүштүк каржылоо принциби аркылуу муниципалдык аймактык башкармалыктар, мекеме-ишканалар жана жарандар тарабынан жалпысы болуп 178 долбоор ишке ашырылып, бул долбоорлорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 42,8 млн. сом бөлүнүп берилсе, калктын кошкон өздүк салымы 43,4 млн сомду түзгөн.

Негизги капиталга инвестицияны өздөштүрүүнүн деңгээли 2021-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 1,9 пайызга көбөйүп (салыштырмалуу баада), 7 млрд. 549,0 млн. сомду (2021-ж. 6 млрд. 770,0 млн.сом) түзгөн, же 779 млн. сомго көбөйгөн. Жергиликтүү бюджеттен Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына 279,3 млн. сом, республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен 80,0 млн. сом бөлүнүп, 2 бала бакча, 1 орто мектеп, 1 ФАП, 3 балдар аянтчасынын курулуштары бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Жергиликтүү бюджеттен “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасына шаардын жолдорун оңдоп-түзөө иштерине 260,2 млн. сом, республикалык бюджеттен 148,9 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, негизинен тротураларды куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлдү. Жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 148,9 млн. сом акча каражатына 11 көчөнүн 22 км, ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен 27,8 млн. сом акча каражатына 7 көчөнүн 7 км аралыктагы тротуарларынын курулушу жүргүзүлүп, бүгүнкү күнгө карата 18 көчөнүн тротуарынын курулушу бүткөрүлсө, калган көчөлөрдун тротуарларын куруу иштерин быйылкы жылы жүргүзүү пландалууда. 2022-жыл ичинде 7,4 км жолдор асфальтталган”, - деп белгиледи М.Исаев.

Пикир

Оставить комментарий