• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Асеин Исаев БУУнун аймактык борборунун директору менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 8-сентябрда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Тынчтык жана куралсыздануу боюнча Азия-Тынч океан аймагындагы Регионалдык борборунун директору Дипаян Басу Рэй менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Исаев Кыргызстан куралсыздануу жана жайылтпоо маселелери боюнча билим берүү тармагында, атап айтканда, жаштарды тартуу жана куралсыздануу жаатында жаңы адистерди даярдоо аркылуу жигердүү иш алып барууга ниеттенип жаткандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Дипаян Басу Рэй кыргыз тарапка куралсыздануу жана жайылтпоо боюнча эл аралык күндү жарыялоо демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, бул дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бул жаатта маалымдуулукту жогорулатуу зарылдыгына бурууга мүмкүндүк бергендигин белгиледи. Ошондой эле ал Борбордун ишмердүүлүгү жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү иштеп жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Тараптар эл аралык күндү жарыялоо боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча жалпы коомчулукка билим берүүгө багытталган практикалык чараларды жана зарыл болгон мындан аркы кадамдарды талкуулашты, анын ичинде бир катар иш-чаралар, тренинг семинарларды өткөрүү, жогорудагы маселелер боюнча жаш эксперттерди даярдоо үчүн онлайн курстар каралган.

Пикир

Оставить комментарий