• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Монголиянын президенттери достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту

Президент 0

Бишкек, 09.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-июлда, Улан-Батор шаарында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө Кыргызстан менен Монголиянын Биргелешкен декларациясына кол коюшту.

Мындан тышкары, мамлекеттик сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Монголиянын юстиция жана ички иштер министрлигинин ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Монголиянын айлана-чөйрө жана туризм министрлигинин ортосундагы токой экосистемаларын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы менен Монголиянын Өкмөтүнүн Аткаруучу агенттигинин Ветеринария башкы башкармалыгынын ортосундагы ветеринария тармагында өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Монголиянын адистештирилген инспекциясынын башкы башкармалыгынын ортосунда ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар жаатында өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Монголиянын Башкы салык башкармалыгынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы Архив кызматы менен Монголиянын Юстиция жана ички иштер министрлигинин Башкы архив башкармалыгынын ортосунда кызматташуу боюнча иш-чаралардын планы;
- Бишкек шаары менен Улан-Батор шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусу менен Монголиянын Хэнтий аймагынын ортосунда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Монголиянын Чыңгызхан музейинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум.

Пикир

Оставить комментарий