• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бир күндө эки чоң жаңылык! Кыргызстанда модернизацияланган «Печора-2 БМ» зениттик-ракеталык комплекси куралданууга түштү

Президент 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Кыргызстанга модернизацияланган «Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплекси алынып келинди. Бул техника Беларусь Республикасынан сатылып алынган жана Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүнүн куралдануусунда болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу бюджеттик каражатка мындай мобилдик (көчмө) зениттик-ракеталык комплекс сатылып алынды, аны каалаган убакта жана каалаган жерде жайгаштырууга болот.

Мындан тышкары, чет элдик коргонуу ишканаларында МИ-8 күжүрмөн тик учактарын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жүк ташуучу автоунаалар, санитардык унаалар, кичи автобустар сатылып алынган.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда, жаңы техниканын техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты, техниканын жаңы запастык бөлүктөрүн, байланыш каражаттарын, аткыч куралдарды, танкка каршы жана тик учактын ок-дарыларын, инженердик жабдууларды, снайпердик мылтыктарды, тапанчаларды, гранатометторду, реактивдик снаряддарды жана башка көптөгөн нерселерди карап чыкты.

Мамлекет башчысына МИ-8 аскердик тик учактарынын учуу мүмкүнчүлүктөрү да көрсөтүлдү.

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө эл аралык кырдаал ыкчам өзгөрүп жатканын баса белгилеп, дүйнөнүн ар кайсы аймактарында болуп жаткан куралдуу чыр-чатактар акылга сыйбаган масштабдары жана кесепеттери менен мүнөздөлүп жатканын айтты.

«Буга кошумча, маалыматтык согуш жана үгүт иштери менен катар, куралдуу күрөш жүргүзүүнүн башка да аскердик ыкмалары басымдуулук кылып жатат. Азыркы түзүлгөн кырдаал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты мындан дагы күчтөндүрүүнү талап кылууда», — деди ал.

Садыр Жапаров меймандостугу менен кыйла өлкөлөргө таанымал Кыргызстан аскердик саясатын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу принциптеринин негизинде түзүп жатканын белгиледи, андыктан, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо — мамлекеттин эң башкы милдеттеринин бири.

Президент бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун жаңы Концепциясын эске салды. Ал документтин негизги максаты — өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген көрүнүштөрдүн алдын алуу, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө багытталган күч-аракеттерди топтоштуруу жана ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун арттыруу болуп саналат. Мындан башка Куралдуу Күчтөрдүн ишмердигин ар тараптан өнүктүрүү, айрыкча, анын аскердик мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча чечимдер кабыл алынган.

Мамлекет башчысы 2021-жылдан тартып аскер бөлүктөрүнө жаңы курал-жарактарды жана аскердик техниканы сатып ала баштаганыбызды эскертип өттү. Мындан сырткары, өткөн жылы аскер кызматчыларынын айлык маяналары алда канча жогорулады.

Садыр Жапаров белгилегендей, армиябыз бардык керектүү аскер жабдуулар менен жабдылган. Мамлекет коргонууга жөндөмдүү болушу үчүн бардык жактан колдоо көрсөтүп, каражатты аябайт.

Өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо жана Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жакшыртуу максатында мамлекеттик бюджеттен аскердик техниканы оңдоого жана модернизациялоого акча каражаттары бөлүнүп жатат. Аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында Куралдуу Күчтөргө миллиарддаган сомдор бөлүнгөн.

Ал каражаттарга бир канча тик учак оңдолду, сатылып алынды, керектүү тетиктер алынып жатат.

Президент өткөн жылдын 4-кварталында «Белтехэкспорт» жабык акционердик коому менен «С-125» зениттик ракеталык комплексин «Печора-2 БМ» зениттик-ракеталык комплексинин деңгээлине чыгарып модернизациалоо боюнча келишим түзүлгөнүн кошумчалап айтты. Азыркы күндө контракт боюнча аталган комплекстин биринчи партиясы жеткирилди.

Садыр Жапаров ошондой эле Куралдуу Күчтөрдү автоунаалар жана автотетиктер, курал-жарак менен камсыздоо максатында тийиштүү каражаттар бөлүнгөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы учур өлкөнүн саясий-экономикалык, коомдук жана аскердик турмушундагы маанилүү ийгиликтердин жана өзгөрүүлөрдүн мезгили экенине басым жасады. Өлкө коопсуздугун чыӊдоо жана камсыз кылуу багытында аныкталган иш-чаралар акырындап ишке аша баштады.

Президент Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо максатында көрүлүп жаткан иш-чаралар аскер кызматчылардын моралдык-психологиялык абалын бекемдеп, демине дем кошуп, өлкөнүн бекемдигин жана бүтүндүгүн камсыз кылууга чоӊ өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Иш-чара Коргоо министрлигинин бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын салтанаттуу өтүүсү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий