• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан Дүйнөлүк банктан энергетика тармагына 50 млн доллар алат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Кыргызстан Дүйнөлүк банктан энергетика тармагына 50 млн доллар алат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 1-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев “электр энергиялык секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоору бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана энергияны эсепке алуу системасын санариптештирүү жолу менен электр энергетика секторунун финансылык жана операциялык туруктуулугун жакшыртууга багытталгандыгын билдирди.

Ал эми аталган долбоорду каржылоого Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 50 млн АКШ доллар бөлөт.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан энергетика тармагы үчүн 50 млн доллар алары белгилүү болгон. Ошондой эле Швейцария өкмөтү Кыргызстандын энергетика тармагына 8 млн доллар бөлөт.

Пикир

Оставить комментарий