• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖК кезексиз жыйынында ЕАЭБдин Бажы кодекси боюнча Президенттин каршы пикири каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.12.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин бүгүн, 30-декабрында Өкмөттүн өтүнүчү боюнча өтүп жаткан кезексиз жыйынында “2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга карата Президенттин каршы пикири каралууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеш ЕАЭБдин Бажы кодексин 2017-жылдын 27-декабрында ратификациялаган, бирок ага карата Президенттин каршы пикири келип отурат. Бажы кодекси 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүгө тийиш. Ошондон улам, анын датасы өзгөртүлүүдө.

Бажы кодексин ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан гана азырынча ратификациялай элек. Улуттук мыйзамдарга ылайык, ратификацияланган мыйзамдар эки аптадан күчүнө кирүүгө тийиш. Бирок, ЕАЭБ мамлекеттеринин баары Бажы кодексин бир учурда киргизүү жөнүндө макулдашылган. Ошондон улам, азыр аны 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө киргизүү маселеси каралууда.

Белгилей кетсек, ЕАЭБдин Бажы кодекси биримдиктин курамына кирген мамлекеттердин бажылык жөнгө салып, алардын аракеттерин жол-жоболоштуруу менен бирге, бажы иштери боюнча өз ара мамилелерди жөнгө салчу башкы документ болуп саналат.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Бажы кодекси анын курамындагы өлкөлөр ортосундагы соода-сатык мамилелеринин өнүгүшүнө түрткү берет. ЕАЭБдин Бажы кодексинин жоболору эл аралык соода мамилелерине кайчы келбейт. Ал бажы мамилелерин жөнгө салып, соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет. Анын алкагында электрондук «бирдиктүү терезе» усулунун киргизилиши кагаз түрүндөгү документтерден арылтып, ишти кыйла жеӊилдетет.

Андан тышкары, ЕАЭБдин Бажы кодекси чек арадагы бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт. Мындайча айтканда, сунушталып жаткан чек ара тыгындарын чечүүнүн ыӊгайлуу механизмдеринин бири болуп саналат. Мисалы, буга чейин чек арадан товар өткөрүү мөөнөтү 2 сутка болсо, Бажы кодекси ратификациялангандан кийин ал 4 саатка чейин кыскартылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий