• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР ӨКМ майрамга карата күжүрмөн даярдыкта иштөөгө өттү

Коом 0

Бишкек, 30.12.17. /Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүктөрү майрам жана дем алыш күндөрү Өз­гөчө кырдаалдар минис­трлигинин ­буйругу менен күчөтүл­гөн тартипте кызмат ө­төшөт. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМнин Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу башкы башкармалыгы, КР ӨКМнин облустардагы жана Бишкек, Ош шаарларынын башкармалыктарынын башчылары, КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбору, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отряды, КР ӨКМнин “Бишкек шаарынын куткаруу кызматы” төмөндөгүдөй тартипте иш алып барышат:

-өзгөчө кырдаалдарга өз убагында ыкчам чара көрүүгө куткаруу, өрткө каршы-куткаруу топтордун курамы такталып, атайын куткаруу автоунаалардын даярдыгы камсыз болду.

-куткаруу нөөмөт топторунун өзгөчө кырдаалдарга чыгып кетүүгө 10 мүнөттүк, куткаруу бөлүктөрүнүн негизги күчтөрүнүн өзгөчө кырдаалдарга чыгып кетүүгө 40 мүнөттүк даярдыгы белгиленди.

-Республикалык маанидеги автоунаа жолдордогу кооптуу аймактарга көзөмөл күчөтүлүп, жолдордун абалы боюнча маалымат министрликтин жетекчилигине жеткирип туруу уюштурулду.

Жарандар кырсыкка к­абылганда же күбө бол­со, күнү-түнү “112” Б­ирдиктүү мамлекеттин ­нөөмөт-диспетчердик к­ызматына байланышса б­олот, чалуулар акысыз. Жарандарга КР ӨКМи аба ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүүлөрдү өз учурунда жеткирип турушат.

Пикир

Оставить комментарий