• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөлүк банк жана Швейцария өкмөтү Кыргызстандын энергетика тармагына 8 млн доллар бөлөт

Экономика 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Финансы министрлигинде Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, сунушталган долбоорлорду колдоого жана алдыга жылдырууга даяр экенин билдирди. Ошону менен бирге Бакетаев Банктан Кыргызстан менен кызматташуунун жаңы стратегиясын бекитүүнү тездетүүнү суранды.

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер белгилегендей, жаңы долбоор каржылык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга, калкты жана ишканаларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого, калктын аялуу катмарын социалдык коргоо механизмин түзүүгө жардам берет.

Жолугушуунун соңунда Финансы министри Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви Швейцариянын элчиси Оливье Бангертердин катышуусунда Швейцария өкмөтүнүн электр энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү долбоорун каржылоого кошкон салымы катары 8 млн долларлык грантка кол коюлду.

“Электр энергетикасын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу 2028-жылга чейин бардык эл аралык стандарттарга, анын ичинде сатып алуулар жана финансылык башкаруу эрежелерине, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү принциптерине ылайык жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек , Кыргызстандын электр энергетика тармагы жылдар бою топтолуп, курчуп келе жаткан көйгөйлөргө туш болууда. Өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздиги өзгөчө кыш мезгилинде келип чыгууда. Электр чубалгылары, кубатуулугу Совет доорунан бери каралабай 70 пайызга жакыны өз мөөнөтүн аяктап калды. Бул өлкө боюнча жабдуулардын иштен чыгышынан жана ашыкча жүктөөлөрдөн улам электр энергиянын тез-тез өчүрүлүшүнө алып келди.

Пикир

Оставить комментарий