• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 155,5 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айлары аралыгында өлкөдөгү ички дүң продукциянын (ИДП) өсүүсү камсыздалды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымына караганда, ИДП алдын-ала баалоо боюнча, январь-февралда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,6% жогорулоо менен 155,5 млрд сомду түздү.

ИДПнын өсүшү товар өндүрүү (27,1%), кызмат көрсөтүү тармактары (50,2%) жана продукттарга болгон салыктар (22,7%) тарабынан камсыздалды.

Пикир

Оставить комментарий