• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" ишканасы мамлекеттин менчигине кайтарылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Жарым өткөргүч материалдарды (кремний) чыгаруучу "Кристалл" ишканасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралууУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) аффилирленген жактары тарабынан "Кристалл" ААКсынын активдерин жана мүлктөрүн мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча "Кристалл" ААКнын аймагында атайын "Компьютер Павер центр" ЖЧК түзүлүп, ал 2019-жылдын майынан тарта 2020-жылдын октябрына чейин тийиштүү уруксат документтери жок туруп, майнинг-ферманы жабдуу жана техникалык жабдуу иштерин аткарып келген.

Аткаруучу директор Таш-Көмүр шаарынын тургуну О.М. аталып, ал эми финансы каражаттарын иш жүзүндө башкаруучу катары Т.А.К. (маркум кримавторитет К.Асанбектин “өкүл баласынын" жакын адамы) болгон. Майнинг-ферманы ишке киргизүүнүн негизги максаты К.Асанбектин кылмыштуу структураларын каржылоо багытталган.

Ири майнинг-ферманын ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн "Аю-Холдинг" корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган, анын курамына “НурАлЭнерго” энергетикалык компаниясы кирип, ал “Кристалл” заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырып, муну менен К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого көмөк көрсөткөн.

Ошол эле учурда "Кристалл" ААКнын мүлк комплекси банкроттук жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен "Компьютер Пауэр Центр" ЖЧКсынын менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилген.

Жыйынтыгында Таш-Көмүр райондук сотунун 2024-жылдын 10-январындагы чечими менен «Кристалл» ААКсы мамлекеттин менчигине кайтарылды.


Белгилей кетсек, "Кристалл" ААК жарым өткөргүч материалдарды (кремний) чыгаруучу завод болуп саналат жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Заманбап электротехника тармагындагы технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу (интегралдык микросхемалар, дискреттик приборлор, күн батареялары ж.б.) чыгарылып, бул ишканага чет өлкөлүк инвесторлор активдүү кызыгуусун көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий