• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 12-марттан 13-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымында (Долон ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымында жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий