• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Сом – Кыргызстандын жүзү». Улуттук банк балдар арасында эссе жазуу боюнча сынак жарыялады

Экономика 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы улуттук валюта - сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин30 жылдыгына арналган «Сом – Кыргызстандын жүзү» темасында эссе жазуу боюнча республикалык сынак жарыялайт. Ага 12-15 жаш курактагы балдар катыша алат.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, сынакка катышуу үчүн талапкерлер 2023-жылдын 1-сентябрынан 1-октябрына чейинки мезгилде төмөнкү дарек боюнча онлайн-өтүнмө толтуруп, сынакка деген эмгектерин Улуттук банктын кызматкерлеринин электрондук почтасына жөнөтүүсү зарыл.

Сынак боюнча эмгектерди баалоонун негизги критерийлери:

• теманы ачуу;
• логикалык жана ырааттуу ой жүгүртүү;
• кошумча материалдарды колдонуу;
• тыянак.

Жеңүүчүлөр 2023-жылдын 24-октябрында жарыяланат.

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Сом – Кыргызстандын жүзү» темасында балдар жана жаштар арасында эссе жазуу боюнча республикалык чыгармачылык сынак өткөрүү тартиби шилтемеде.

Пикир

Оставить комментарий