• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облусуна бюджеттен 891,3 млн сом бөлүндү – Финансы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 22.08.23./Кабар/. 2023-жылдын 15-августуна карата Ысык-Көл облусуна республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 891,3млн сом бөлүндү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, каражат төмөнкү багыттарга каралган:

- теңдөөчү трансферттер - 159,6 млн сом;
- ыйгарым укуктарды берүүгө - 15,9 млн сом;
- мамлекеттик каттоо кызматкерлерине - 2,5 млн сом;
- электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга - 21,9 млн сом;
- жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга - 14,4 млн сом;
- айылдардын башкы планын иштеп чыгууга - 26,7 млн сом;
- Каракол шаарын өнүктүрүүгө - 650 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий