• 88.68
  • 95
  • 0.95

22-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 22.08.23./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-августка карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун көпчүлук аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +30...+35, Талас облусунда +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын облусунда +25...+30, ал эми Бишкек шаарында +33...+35, Ош шаарында +35...+37 жана Чолпон-Атада +23...+25 градуска көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий