• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айтматов районунда мал базарларда уурулуктун алдын алуу иштери күчөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 22.08.23./Кабар/. Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында милиция кызматкерлери мал базарда кылмыштуулуктун алдын алууда. Бул тууралуу Талас облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда элдер массалык түрдө балдарын мектепке даярдап, базарларда элдин кыймылы көп. Буга байланыштуу Айтматов РИИБдин коомдук коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштери күчөтүүдө.

"Алар чөнтөк уурулукка жол бербей, топторго бөлүнүп базардын ар бир аймагына бөлүнүп иш алып барууда. Ишкерлерге акча каражаттарына сак болуп, шектүү жарандар болсо, дароо милицияга билдирүүсүн эскертишти. Андан тышкары, коюлган видео байкоочу камераларды текшерип, аларды көбөйтүү максатында жергиликтүү бийлик жана ишкерлерге кайрылууда. Мал уурулук кылмыштарын алдын алуу үчүн ар бир мал алып-саткан жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий