• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Доскул Бекмурзаев энергетика тармагынын ардагерлери менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 21-декабрында Энергетиктер күнүнө арналган энергетика тармагынын ардагерлеринин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга энергетика министри Доскул Бекмурзаев, “Улуттук энергетикалык холдинг” ААК башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев, КР энергетика тармагынын ардагерлери жана энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү катышты.

КР энергетика министри Доскул Бекмурзаев энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Энергетика системасын түптөп жана аны өнүктүрүүгө кошкон зор салымыныздар үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздер түптөгөн энергетика тармагын биз кийинки муунга татыктуу өткөрүп беришибиз керек. Энергетика кесиби чоң күчтү, кайраттуулукту жана токтоолукту талап кылат. Мындан улам көбүнчө аба ырайынын татаал шарттарында, майрам жана дем алышсыз иштөөгө туура келет. Бул кесип көптөгөн жылуу сөздөргө жана урмат-сыйга татыктуу. Тармактын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине ак ниет жана жан аябаган эмгеги учун ыраазычылык билдирем» ,- деди министр.

Энергетика министри жолугушуунун алкагында энергетика тармагынын ардагерлерине ден соолук каалоо менен биргеликте жеке өзүнүн атынан белектерди тапшырды.

Бул иш-чарада «Кыргыз энергетика системасынын калыптанышы жана өнүгүшү» китебинин бет ачары болуп, анын авторлору И.А.Давыдов, М.Т. Батаканов, К.Б. Гусев, А.Ч. Калмамбетов аталды.

Энергетика ардагерлери ошондой эле КР энергетика системасынын музейин түзүүнү жана КР Энергетика ардагерлер кеңешинин КМШ өлкөлөрүнүн энергетика ардагерлери менен жемиштүү кызматташтыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий