• 88.68
  • 95
  • 0.95

2024-жылы КМШда волонтердук кыймылдын жылын өткөрүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Ушул жылдын 13-14-июнь күндөрү Бишкек шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин Жаштар иштери боюнча кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, иш-чара видеоконференция форматында өткөн.

Жолугушуунун катышуучулары 12 маселени карашты: 2021-2022-жылдарга шериктештикке катышкан мамлекеттердин 2021-2030-жылдарга Эл аралык жаштар кызматташтыгынын стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жыйынтыктары жана 2023-2024-жылдарга иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү, 2024-жылы КМШда волонтердук кыймылдын жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планынын долбоору.

Ошондой эле кеңештин мүчөлөрү жаштардын ыктыярдуу (волонтердук) кыймылын өнүктүрүү боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин базалык уюмун аныктоо маселесин белгиленген тартипте иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугун талкуулашты.

Жыйындын катышуучулары Кыргызстандагы мамлекеттик жаштар саясатынын ишке ашырылышы менен таанышып, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын жаштарынын өнүгүүсүндөгү бакубаттуулук индекси" улуттук изилдөөсүн жүргүзүүдөгү өлкөнүн жакшы тажрыйбасы бар экенин белгилешти.

Пикир алмашуунун жүрүшүндө кеңештин мүчөлөрү 2024-жылы талдоо жана талкуулоо үчүн актуалдуу теманы аныкташты. Шериктештик мейкиндигинде жаштардын миграциясы жана КМШга мүчө мамлекеттерде жаш мигранттарды колдоо боюнча иштерди уюштуруу талкуунун предмети болот.

Кеңештин жыйынында 2023-жылдын 8-июнунда КМШнын өкмөт башчылар кеңешинин 2024-жылы Ташкентти (Өзбекстан), 2025-жылы Габаланы (Азербайжан), 2026-жылы Капананы (Армения) КМШнын жаштар борбору деп жарыялоо жөнүндө чечими каралып, ишке киргизилген.

Ташкент шаарынын презентациясы менен таанышып, кеңештин мүчөлөрү 2024-жылы Ташкентте "КМШнын жаштар борбору" долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун түзүүгө өзбек тараптын мамилесин да жактырышты.

Пикир

Оставить комментарий