• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айыл чарба министрлиги 60,6 млн сомго жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алат

Коом 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Кыргызстан 2024-жылы 60,6 млн сомго 207 миң 280 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алынган үрөн 22 миң 530 гектар кунарсыз жайыт аянтын жакшыртуу максатында колдонулат.

Белгилей кетсек, КР президенти Садыр Жапаровдун "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, 2023-жылы кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында 99,5 тонна жайыт чөптөрүнүн үрөнү сатылып алынып, 10 миң га жайыттарга себүү иштер жүргүзүлүп, 5 тонна жайыт чөмптөрүнүн элита сорттору үрөнчүлүк чарбаларына берилген

Пикир

Оставить комментарий