• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин төрагасы Венгриядагы Кыргызстандын элчилигине барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгриядагы Кыргызстандын элчилигине барды.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага элчиликтин жаңы имаратынын алдында мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышып, андан соң дипломатиялык мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрияда расмий иш сапары менен жүрөт.

Төраганын расмий иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, эки тараптуу алакаларды арттырууга байланышкан маселелер талкууланууда.

Алсак, Жогорку Кеңештин төрагасын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Винера Раимбачаева, Чолпон Султанбекова, Жусупбек Коргонбай уулу, Гүлшаркан Култаева, Максатбек Сарбагышев жана Азамат Исираилов коштоп барды.

Пикир

Оставить комментарий