• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрага Шакиев Түркиянын ички иштер министрин кабыл алды. Эмнелер талкууланды?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиянын ички иштер министри Сүлейман Сойлуну кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда төрага Шакиев Кыргызстан Түркия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана боордоштук мамилелерди чыңдоого артыкчылык берерин баса белгилеп, акыркы эки жылда мамлекет башчыларынын алгылыктуу аракети менен саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык, аскердик-техникалык багыттардагы кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүнө токтолду.

Анын ичинен парламенттер аралык мамилелер тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев: "Эки өлкө ортосундагы кызматташтыкта парламенттер аралык байланыш эң чоң потенциалга ээ. Биздин биргелешкен иш-аракеттерибиз, ар кандай эл аралык маселелер боюнча жалпы позициябыз жана өз ара колдообуз алакабыздын натыйжалуулугун көрсөтүп келет", - деди.

Муну менен катар эки өлкө ортосундагы иш сапарларды эске салып: "Албетте эки тараптуу сапарлар күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча терең жана конструктивдүү пикир алмашууга, мамлекеттер аралык бйланыштардын жаңы багыттарын аныктоого өбөлгө түзөт", - деди Жогорку Кеңештин Төрагасы.

Өз кезегинде Сүлейман Сойлу жылуу кабыл алгандыгы үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык айтып, ЖК төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Ошондой эле Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп салам жолдогонун билдирди.

"Мамлекет башчыларыбыздын жигердүү колдоосунун негизинде бардык тармактар боюнча алакабыз артууда. Айрыкча, Ички иштер министрлигинин деңгээлинде кызматташтык кеңейип, терроризмге, баңгизаттарын колдонууга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатында биргелешкен аракеттер көрүлүүдө", - деди Сүлейман Сойлу.

Пикир

Оставить комментарий