• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖК вице-премьерлик жана соцөнүктүрүү министри кызматына Сурабалдиева менен Исмаилованын талапкерлигин карайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке Элвира Сурабалдиеванын вице-премьер-министри кызматына, Аида Исмаилованын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттин төрагасы Канат Исаев билдирди.

Төрагасы белгилегендей, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети эки талапкерди жактырган.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ант беришет.

Пикир

Оставить комментарий