• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат социалдык обьектилер үчүн типтүү долбоорлорду иштеп чыгууну сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынындага «Ар кыл маселелер» саатында республика аймагындагы кечиктирилгис делген көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Аида Исмаилова республика аймагында балдардын саны дээрлик бирдей болсо дагы мектептер ар кандай баалар менен бааланып курулуп жатканын айтып, социалдык обьектилер үчүн типтүү долбоорлорду иштеп чыгууну, аларга стандарттуу тендер өткөрүүнү сунуш кылды.

Депутат Альфия Самигуллина Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында анестезиолог адистигинин тартыштыгын, ага себеп катары төрөткана имаратынын авариялык абалы, реанимация, хирургия бөлүмдөрүнүн бири-биринен 500 метрде алыс жайгашкандыгы экенин тизмектеди. Депутат төрөткана үчүн 12,5 миллион сомду 2018-жылдын республикалык бюджетинин капиталдык салымдар беренеси менен курулуучу обьектилердин титулдук тизмесине киргизүүнү өтүндү.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев борбор калаадагы Улуттук медициналык борбордун («Эне жана бала» борбору) имаратын оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен каражат бөлүү зарылдыгын Өкмөткө багыттады. Депутат мындай билдирүүсүн жүрөгү оорулуу болуп төрөлгөн балдарды дарылоого жер, имарат, орун жоктугу менен түшүндүрдү.

«Бөйрөк оорусу менен күрөшүп, гемодиализге муктаж болуп жаткандар өмүр менен өлүмдүн ортосунда турат. Бүгүнкү күндө мындан өткөн маселе жок», - деген депутат Мирлан Бакиров КР Өкмөтү тарабынан гемодиализ көйгөйүн чечүүгө тиешелүү каражат бөлүп берилиши керектигин баса белгиледи. Ошондой эле Мирлан Бакиров СССРден мурас калган профсоюзга тиешелүү мекемелерди бир ууч топ ээлеп алгандай ой жараларын айтып, бүгүнкү күндө профсоюзга кирешеден алынуучу 2% каражат кайда жумшалып жатат деген суроону койду. Анын маалыматы боюнча айрым профсоюздук мекемелерде учету жок кириштелген каражаттар бар.

Шайлоочулар менен жолугушуп келген депутат Жанарбек Акаев Нарын облусунун Нарын районундагы Кеңеш айылындагы мектептин пайдубалы жылып, дубалы кыйшайып баратканын көрүп келгенин айтты. «Мындай абалдагы мектепти көргөн эмесмин. Кокус кырсык болсо, арты жаман болчудай. Бүгүн эле облус губернаторуна айтып, көйгөйдүн чечилишине аракеттер көрүлсүн»,- дейт депутат.

Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкүлөрдөн улам бир катар айыл өкмөттөрү өз аймактарынан үй курууга жерлерди даярдашкан. «Райондук, облустук бийликтегилер маселени тездетип, борбордук бийлик үй куруу үчүн жер тилкелерин трансформациялап беришсе. Күзгө чейин жарандар үй куруп, кирип кетишсе жакшы болот эле»,- дейт Улукбек Ормонов.

Жалал-Абад облусунун Камбар-Ата айылынын 2 миңдей калкы таза сууну булактардан ташып ичет. Ал эми бул облустун Ничке-Сай айылы район борбору – Токтогулдун ортосундагы 100 чакырымдык жолунун абалы абдан начар. Облус аймагындагы көйгөйлөрдү депутат Исланбек Сарсейитов Өкмөттүн астына койду.

Депутат Махабат Мавлянова Бишкек шаарындагы карылар үйүн, Чүй облусундагы Ак-Суу айылындагы балдар үйүн жана кыдырып, тиешелүү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп келген. Бүгүнкү жыйында депутат карылар менен балдардын тамак-ашына бөлүнгөн каражаттар максатына толук жетпей жатканына өз жүйөөлөрүн келтирди. Эл өкүлү республика аймагындагы мындай социалдык обьектилерге сабак болуш үчүн күч органдары мыйзам бузууларды акырына чейин иликтеп чыгышын талап кылды.

«Үй-бүлө – коомдун негизи»,– деген депутат Айнуру Алтыбаева райондук деңгээлдеги Үй-бүлө иштери боюнча комиссиялардын жоюлуп кетиши туура эместигине токтолду. Мындан сырткары, депутат Москвадагы (Россия) ВДНХда Кыргызстанга тиешелүү павильонду сактап калуу боюнча эмгек мигранттарынын өтүнүчүн дагы аткаруу бийлигине жолдоду.

Пикир

Оставить комментарий