• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жумабеков Кемин районунун депутаттары жана айыл өкмөт башчылары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Чүй облусунун Кемин районундагы жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөт башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кемин районуна тиешелүү бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, ичүүчү жана сугат суу, ошондой эле жерлерди трансформациялоо маселелери айтылды.

Мындан сырткары, жолугушуунун катышуучулары Төрага Дастанбек Жумабековдон асфальт жана сүт өндүрүүчү заводдорду куруу үчүн инвестиция тартууга көмөктөшүүнү өтүнүштү. Жергиликтүү кеңештин депутаттары белгилегендей, кеминдиктер сүттү Токмок шаарына өткөрүшөт. Эгер Кемин районунда сүт заводу ачылса, жергиликтүү элди жумуш менен камсыздоого да жакшы шарт түзүлмөк. Ишкана үчүн жер тилкеси да каралган.

Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган маселелерди эске аларын билдирип, асфальт жана сүт өндүрүүчү заводду куруу боюнча да инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн убада кылды.

“Биз аймактарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү көздөп жатабыз. Бардык облустарда инфраструктурасы, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелери оңдоп-түзөп, жакшыртууга же жаңы курууга муктаж болгон айылдар бар. Аларды чечүүдө жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жигердүүлүгү зор мааниге ээ. Анткени, жергиликтүү бюджеттерди туура бөлүштүрүү алардын колунда. Ал эми Жогорку Кеңеш аймактардагы турмуш-жагдайды жакшыртууга багытталган инвестицияларды тартуу үчүн тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып келет. Баарыбыз райондордо жана айылдарда, өндүргөн товары Кыргызстанды эле камсыздабастан, чет өлкөгө да чыгарылган ири фермалардын жана ишканалардын ачылышына кызыктарбыз. Бул үчүн бизде бардык шарттар бар. Албетте жаңы ишкана ачылганда алгачкы жылдары кыйынчылыктар болот, бирок таза өндүрүлгөн товар сатыкка чыкканда суроо-талапка ээ болот баштайт”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Пикир

Оставить комментарий