• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте ар кыл тармактын мыктыларына Жогорку Кеңештин сыйлыктары тапшырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Бишкекте ар кыл тармактын мыктыларына Жогорку Кеңештин сыйлыктары тапшырылды

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ЖОЖдун профессорлоруна жана мектеп мугалимдерине, сот тутумунун жана ИИМдин кызматкерлерине, жолчулар менен энергетиктер, экологдор жана дарыгерлерге Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана «КР Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалдарын тапшырды.

Сыйлыктар алдыңкы кызматкерлерге өз тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы, жигердүү коомдук ишмердиги үчүн ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу аземинде төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Жогорку Кеңеш мыкты кызматкерлердин эмгегин баалап келе жатканын белгилеп, куттуктап өттү. «Кылган кызматыңыздар ар түрдүү болгон менен баарыңыздардын максатыңыздар бирөө. Ал мүдөөбүз - Кыргызстаныбызды өнүктүрүү. Мекен үчүн кылган эмгегиңиздердин үзүрүн көрүңүздөр», -деген Нурбек Сыдыгалиев сыйлык ээлерине ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий