• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында тротуарга чыккан курулуштар буздурулуп жатат

Аймак 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында тротуарга чыгып кеткен курулуштар буздурулуп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Курманбек көчөсүндөгү тротуарга чыгып кеткен 8 объект мэриянын Муниципалдык менчик жана жол башкармалыгы тарабынан буздурулууда.

Белгиленгендей, аталган көчөдөгү үйлөрдүн жашоочуларына мындан бир жыл мурда эскертүү берилген. Эми гана алар ыктыярдуу түрдө өз каражаты менен курулуштарын буздурууга киришти.

Пикир

Оставить комментарий