• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия чемпионаты-2024. Бүгүн килемге чыга турган балбандардын тизмеси

Спорт 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Бүгүн, 16-апрелде спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Анын алкагында грек-рим күрөшү боюнча 5 медаль топтому ойнотулуп, өлкө намысын 5 балбан коргойт:

- 60 кг чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков 1/8 финадык баскычтан баштайт;
- 67 кг чейинки салмакта Раззак Бейшекеев 1/8 финалдан баштайт;
- 72 кг чейинки салмакта Адылхан Нурланбеков 1/8 финалдан баштайт;
- 82 кг чейинки салмакта Бекзат Орункул уулу 1/4 финалдан баштайт;
- 97 кг чейинки салмакта Бексултан Махмудов 1/4 финалдан баштайт.

Мелдештер Бишкектеги шаардык "Бишкек Арена" муз аянтчасында өтөт. Башталышы саат 11:30.

Пикир

Оставить комментарий