• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын улуттук курамасынын эң жаш оюнчусу түркиялык "Галатасарай" менен келишим түздү

Спорт 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын эң жаш оюнчусу 18 жаштагы Бекназ Алмазбеков түркиялык "Галатасарай" клубу менен келишим түздү.

Келишим үч жылга, тактап айтканда, 2025-2026-жылдын аягына чейин түзүлгөн. "Галатасарай" футболдук клубу өлкөнүн чемпионатында эң жогорку дивизион болгон Түркиянын Супер Лигасында ойнойт.

Кыргыз футбол союзунун маалыматына ылайык, өткөн сезондо Алмазбеков Түркияда ар кандай жаш курактагы чемпионаттарда, анын ичинде "Галатасарай" футболдук клубунун курамындагы жаштар командасында ойноп, 22 юон өткөрүп, 16 гол киргизип, 6 пас берген.

2020-жылдын мартында АФКнын версиясы боюнча Борбордук Азиядагы эң мыкты жети жаш оюнчунун катарына кирген.

2022-жылдын сентябрында ал The Guardian версиясы боюнча эң таланттуу 60 жаш футболчунун катарына кирген.

Бекназ Алмазбековдун Кыргызстандын улуттук курамындагы дебюту 2022-жылдын 11-июнунда болгон, анда ал Мьянмага каршы беттеште оюн талаасына чыккан. Улуттук курамада 1 беттеш өткөргөн

Пикир

Оставить комментарий