• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нурланбек Шакиев Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Сеул шаарында Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ким Чжин Пхё менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Түштүк Корея мамлекети менен калыптанган байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгилеп: "Акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында алгылыктуу иштер жасалууда. Анын ичинен Бишкек жана Сеул шаарларынын ортосунда түз аба каттамы ачылып, байланыштарыбыз дагы кеңейди. Ошондой эле мурдагы жолугушуубузда белгиленген кыргыз жарандарына виза берүү шарттарын жеңилдетүү багытындагы сүйлөшүүлөрүбүздө да жылыштар бар экени кубандырат. Андан тышкары, Корея эл аралык кызматташтык агенттиги аркылуу да көп долбоорлор ишке ашырылууда. Бирок бул жетишкендиктер чек эмес. Анткени кызматташтыкты арттыруу жаатында мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң. Кыргызстан тоо-кен, туризм тармактары боюнча Корея мамлекети менен өнөктөштүктү өрчүтүүгө ынтызар", – деди.

Ошондой эле парламенттер аралык алакалардын учурдагы абалы тууралуу сөз кылган төрага: "Акыркы жылдары эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүүдө. Бүгүнкү жолугушуубуз да кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө көмөкчү болот деген ишеничтемин", – деп кошумчалады.

Өз кезегинде, Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ким Чжин Пхё демократиялык багыттагы жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн Кыргызстан Кореянын Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык,маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу жаатындагы пикирлери менен бөлүштү.

Анын ичинен Кыргызстандын таза экологиялык айыл чарба азыктары, туристтик жааттагы мүмкүнчүлүктөрү, тоо-кен байлыктары жана башка артыкчылыктары кореялык ишкерлерди өзүнө тартарын айткан Ким Чжин Пхё финансы институттары ортосунда да тыгыз кызматташуунун зарылчылыгына токтолду.

Эскерте кетсек, жолугушуу Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кореянын парламенттеринин төрагаларынын алгачкы кеңешмесинин алкагында уюштурулду.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева, Динара Ашимова, Сүйүнбек Өмүрзаков, Балбак Түлөбаев, Бактыбек Чойбеков, Замирбек Мамасадыков жана Шайлообек Атазов катышты.

Пикир

Оставить комментарий