• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ысык-Көлдө Run the Silk road эл аралык марафонуна даярдыктар башталды

Спорт 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Run the Silk road эл аралык марафонуна даярдыктар башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Дене тарбия жана спорт департаментинин спорттогу жогорку жетишкендиктер бөлүмүнүн башчысы Тилекмат Абдрахманов, Эл аралык марафон дирекциясынын директору Мелис Надыров баштаган департаменттин кызматкерлери Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов, Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Сопуев менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө марафонду өткөрүү, трассанын абалы жана жарандардын коопсуздугу, калыстар үчүн өткөрүлө турган семинар, спортчуларды жайгаштыруу маселеси талкууланып, иш-чара өтө турган объектилер каралды.

Мелис Надыровдун билдирүүсү боюнча, быйыл марафон өтө турган трасса Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика уюмунун техникалык делегациясынын текшерүүсүнөн өтөт. Ошондой эле марфон коло лейблга ээ болгондуктан бир катар жаңы талаптар киргизилүүдө.

Белгилей кетсек, Run the Silk road эл аралык марафону 13-май күнү өтөт. Жалпы 3000ге жакын катышуучу келери күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий