• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ливанда өткөн самбо чемпионатында кыргызстандык Самара Абдумалик кызы алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 05.06.22./Кабар/. Ливандын Джуния шаарында 2-4-июнь күндөрү өткөн спорттун самбо түрү боюнча кыздар арасында Азия чемпионатында кыргызстандык спортчу Самара Абдумалик кызы алтын медаль утту.

Австралия, Жаңы Зеландия, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Түркмөнстан, Сирия, Филиппин, Иран, Ирак, Корея, Малайзия өлкөлөрүнүн балбан кыздары катышкан таймашта Самара Абдумалик кызы 54 кг салмакта Корея, Монголия, Ливан, Казакстандан келген спортчулар менен беттешти.

Финалдык таймашта 54 кг салмакта самбо боюнча дүйнө чемпиону, казакстандык спортчуну жеңип, алтын медалды Кыргызстандын эсебине киргизди.

Эске салсак, Самара Абдумалик кызы кыздар арасында самбо боюнча Дүйнөлүк жана Азия оюндарынын бир нече жолку жеңүүчүсү.

Ал буга чейин 2020-жылы Дүйнөлүк чемпионатта 3-орунга, 2021-жылы Дүйнөлүк Кубокто 2-орунга, Азия чемпионатында 2-3-орунга ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий