• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо утту

Спорт 0

Бишкек, 20.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Азиялык Олимпиадалык квалификациялык мелдештин жыйынтыгы менен Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо утту.

Кыргызстандык спортчу жарым финалдык беттеште өзбекстандык Набира Эсенбаева менен күч сынашып, жыйынтыгында 7:2 эсебинде жеңишти камсыздай алды.

Буга чейин казакстандык Елена Шалыгинаны (6:2 “туше”) жана индиялык Ниша Нишаны (9:1 “туше”) артта калтырып, кийинки баскычта Түндүк Корея өлкөсүнөн келген Сол Гум Пак аттуу спортчуга 6:2 эсебинде жеңилип калган. Бирок өз тайпасында биринчи орунду ээлегендиги үчүн жарым финалга чыккан.

Эске салсак, 68 кг чейинки салмакта беттештер айлампа түрүндө “А” жана “Б” тайпасында болуп өтүп, ар бир катышуучу үч беттеш өткөрдү. Өз тайпасында 1-2 орунду алгандар жарым финалга чыгып, жолдомо үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Бул Кыргызстан үчүн сегизинчи лицензия, ал эми кыз-келиндер күрөшүндөгү үчүнчү жолдомо. Өткөн жылы Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы лицензия алышкан.

Пикир

Оставить комментарий