• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров экинчи ирет достук мелдешинин бомбардири аталды

Спорт 0

Бишкек, 05.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдешинин бомбардири аталды. Жапаров мелдеште жалпы 13 гол киргизип, биринчи орунга чыкты.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 17-декабрында өткөн турнирде дагы президент 9 голу менен мыкты чабуулчу аталган.

Мелдештин мыкты дарбазачысы Эмил Жамгырчиев, мыкты оюнчусу Владимир Орешин болду.

Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган мелдеш 4-5-майда "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде болду.

Достук мелдешин “Президенттин администрациясы” командасы жеңип алды. Күмүш байгеге “Жогорку Кеңеш” татыды. Ал эми үчүнчү орунду “Алга” командасы ээлесе, төртүнчү орунга “Ыйман” илинди.

Бул ирет чемпиондук наам үчүн ар тармактын кызматкерлеринен турган 12 команда күрөштү.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук оюну өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, ал эми үчүнчү орунду мамлекет башчысы Садыр Жапаров башында турган “Президенттин администрациясы” ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий