• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Мурас” достук мелдешинин 1 млн сомдук байгеси балдар жана карылар үйүнө берилет

Спорт 0

Бишкек, 05.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте өткөн футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдешинин 1 млн сомдук байгеси балдар жана карылар үйүнө берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров спорттук иш-чаранын жабылуу аземинде билдирди.

Достук мелдешин “Президенттин администрациясы” командасы жеңип алды. Күмүш байгеге “Жогорку Кеңеш” татыды. Ал эми үчүнчү орунду “Алга” командасы ээлесе, төртүнчү орунга “Ыйман” илинди.

Белгилей кетсек, өткөн жылкы достук турниринде дагы президент 1 млн сомдук байгени Токмоктогу балдар үйүнө берүүнү командалар менен сүйлөшүп чечкенин билдирген.

Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган мелдеш 4-5-майда "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде болду. Бул ирет чемпиондук наам үчүн ар тармактын кызматкерлеринен турган 12 команда күрөштү.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук оюну өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, ал эми үчүнчү орунду мамлекет башчысы Садыр Жапаров башында турган “Президенттин администрациясы” ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий