• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандардын көпчүлүгү нөөмөт бөлүмүнө же социалдык баракчабыз аркылуу кайгуул кызматы майрам күндөрү иштеп жатабы, анткени авто унаабызды унаа токтотуучу жайдан чыгарышыбыз керек, айып кулдарды төлөшүбүз керек деген өңдүү жана башка суроо талаптар менен кайрылууда.

"Ошого байланыштуу жалпы айдоочуларга маалымат иретинде айтып жеткирип койууну туура көрдүк. Азыркы учурда кайгуул кызматы майрам күндөрүндө да, жөнөкөй дем алыш күндөрү да күнүмдүк графикте иш алып барууда. Андыктан айдоочулардын талаптары, жазган кайрылуу жана арыздары, авто унааны убактылуу токтотуучу короо жайдан чыгаруу жоболору, жана башка баардык кызматтар кадимкидей иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий