• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дем алыш күндөрү абанын табы -3 градуска төмөндөйт

Коом 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда 1-3-апрель күндөрү түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин алдындагы Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында температура 0…-2° чейин төмөндөйт.

2-3-апрелдерде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет.

Пикир

Оставить комментарий