• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Дагы эки талапкер документин тапшырды

Коом 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшүүдө.

БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу Кара-Суу шайлоо округу боюнча талапкер 1985-жылы туулган Ажимаматов Сталбек Асановичтен арыз түшкөн. Ал «Евразия Строй Групп»ЖЧКсынын директору.

Ушул эле шайлоо округу боюнча экинчи талапкер 1984-жылы туулган Орунбаев Турдубек Дүйшөнович. Ал жеке ишкер.

Эскерте кетсек, КР президенти жогоруда аталган бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын 28-апрелине дайындаган. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий