• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы пилоттук режимде ишин баштады

Коом 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул жылдын 4-сентябрында юстиция министринин, президенттин аппаратынын, өкмѳттүн аппаратынын, Жогорку Кеңештин комитеттеринин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өкүлдөрүнүн катышуусу менен Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы (пилоттук) эксплуатациялоо режиминде киргизүү жѳнүндѳ онлайн презентация уюштурду.

Портал төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү карайт:

- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун тексттери менен таанышуу жана аларга комментарийлерди, сын-пикирлерди жана сунуштарды жайгаштыруу. Аларга, жалпыга жеткиликтүү боло тургандай жоопторду иштеп чыгуучу органдан онлайн тартипте алуу мүмкүнчүлүгү;

- кызыктуу болгон чөйрөдөгү мыйзамдар боюнча тигил же бул ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун автоматтык түрдө жайгаштыруу жөнүндө билдирүүнү алууга (жарандар кызыктар болгон тармактагы мыйзамдарга «катталуусу» зарыл);

- коомдук талкуулоо жол-жобосу аяктагандан кийин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун мындан ары жылышына көз салуу жана башка учурда.

Портал ар бир жаранга сунушталган бардык ченем жаратуу демилгелери менен бир аянтта таанышууга мүмкүндүк берет.

Европа биримдиги, Германияны өнүктүрүү жана кызматташуу Федералдык министрлиги (BMZ) жана USAIDдин биргелешип башкаруу Программасы тарабынан каржыланып, «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү – 2-фаза» Программасынын колдоосу менен аталган портал иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий