• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Абдыш-Ата" клубу АФК Кубогунун интерзоналдык финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Канттын "Абдыш-Ата" клубу бүгүн 2023/2024 АФК Кубогунун интерзоналдык финалында "Тайчунг Футурого" (Кытайлык Тайбэй) каршы жооптук беттеш өткөрдү.

Оюн Гаосюндун "Наньцзы" стадионунда орун алды. 3-1 эсебинде "Абдыш-Атанын" оюнчулары жеңишке жеттти.

Эске салсак, канттык клуб турнирдин тайпалык баскычын ийгиликтүү жыйынтыктап, плей-оффко чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болду.

"Абдыш-Ата" менен "Тайчунг-Футуронун" алгачкы беттеши 5-0 эсеби менен аяктаган эле.

Ошентип, аталган жуптун жеңүүчүсү — "Абдыш-Ата" клубу интерзоналдык финалга жолдомо алды. Анын потенциалдуу атаандаштары – "Одиша" (Индия) жана "Централ Кост Маринерс" (Австралия) эртең, 14-мартта жооптук беттеш өткөрөт. Аталган командалар интерзоналдык жарым финал алкагындагы биринчи беттеши 4-0 эсебинде австралиялык клубдун жеңиши менен аяктаган алган.

Интерзоналдык финалда биздин клуб 16 жана 23-апрелде ойнот. Бул жуптун жеңүүчүсү 5-майда өтө турган финалга жолдомо алат. Экинчи финалист болсо Батыш зонасынын финалдык оюндарында 24-апрелде аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий