• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖК депутаты Урматбек Самаев "Аргымак" улуттук ат оюндар федерациясынын президенти болду

Спорт 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. "Аргымак" улуттук ат оюндар федерациясынын президенти болуп Урматбек Самаев дайындалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында айтылат.

Мындай чечим "Аргымак" федерациясынын отурумунда кабыл алынган.

Отурумга баардык аймактардан келген 150 өкүл катышып, анда федерациянын 2019-2020-жылдарга карата иш планы бекитилген.

Белгилей кетсек, Урматбек Самаев ошондой эле "Көк бөрү" федерациясынын вице-президенти болуп келет.

Пикир

Оставить комментарий