• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү темасында тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте "Кибермейкиндикте трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүү: Актуалдуу көйгөйлөр жана практикалык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери" аттуу темада тегерек стол өттү.

Иш-чара Ички иштер министрлиги менен "Бакай Банк" ААКтын демилгеси менен өтүп, анда кибермейкиндиктеги трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүү, актуалдуу көйгөйлөр жана практикалык өз ара аракеттенүү механизмдери талкууланды.

Ага ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Руслан Шаршембиев, КР президентинин аппаратынын өкүлдөрү, ошондой эле Санариптик өнүктүрүү министрлигинин киберкоопсуздук жана электрондук кол коюу бөлүмүнүн башчысы Жанара Кулманбетова, санариптик трансформация департаментинин башкы адиси Аида Бегалиева, министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Алмамбет Касымбеков, КР Улуттук банкынын коопсуздук боюнча эксперти Давран Жумабаев, "Нур Телеком" ЖЧКсынын системалык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Сабырбек Иманалиев, "Альфа Телеком" ЖАКтын маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Урмат Усенкулов, "Group Sky Mobile" ЖЧКнын маалыматтык коопсуздук боюнча тобунун жетекчиси Борис Кочерижкин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Башкы прокуратуранын, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.

Ички иштер министринин орун басары чогулгандарга кайрылып, иш-чарага катышууга убакыт бөлүп келгендиги үчүн, уюштуруучуларга жана адистерге ыраазычылык билдирди.

"Учурда маалыматтык технологиялар, ишмердүүлүктүн бардык тармактарында кеңири колдонулууда. Бирок, IT-ны кабыл алуу жана өнүктүрүүнүн өсүшү менен киберкылмыштуулук жана алдамчылык менен байланышкан тобокелдиктер да көбөйүүдө.

Кыргызстанда акыркы убакта өлкөнүн улуттук коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирген кылмыштын бул түрү өсүүдө. Ааламдашуу жана илимий-техникалык прогресс трансулуттук жана эл аралык кылмыштуулуктун коркунучунун масштабын кеңейтүүдө. Ошондуктан, бүгүнкү күндө биз туш болгон чакырыктарга каршы туруу үчүн мамлекеттик органдар менен жеке сектордун биргелешкен аракеттери зарыл.

Урматтуу кесиптештер! Бүгүнкү жолугушуу кылмыштуулук менен күрөшүүдө көп тараптуу мамилени иштеп чыгууга жана заманбап коркунучтарга каршы күрөшүүдө ар кандай окуяларга каршы аракеттенүүнүн улуттук моделдерин өркүндөтүү боюнча биргелешкен демилгелерге жол ачат деп ишенебиз", - деди Абдиев.

Тегерек столдун жүрүшүндө азыркы учурдун курч жана актуалдуу көйгөйлөрү – трансулуттук киберкылмыштуулук жана ага каршы туруу механизмдери көтөрүлдү. Белгиленгендей, глобалдык интернетке туташкан аппараттардын саны күн сайын өсүп, киберкылмышкерлерге ишмердүүлүк чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштардын саны жана киберкылмыштуулуктун айрым түрлөрү талкууланды.

Соңунда чакырылган коноктордун ортосунда кызуу талкуу жүрүп, ар бири бул маселе боюнча жеке пикирлерин айтышты.

Пикир

Оставить комментарий