• 88.68
  • 95
  • 0.95

Франциялык адистер менен Бишкектеги конуштарды өнүктүрүү долбоору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Биринчи май районунун акимчилигинде район башчысы Максатбек Сазыкулов жана Франциянын Group Hit компаниясынын консультанттар тобунун жетекчиси Гийом Жосст жолукту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуу Бишкек шаарындагы Ак-Босого, Калыс-Ордо, Арча-Бешик, Бакай-Ата жана Рухий Мурас беш конушту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында өттү.

Жолугушууда Ак-Босого, Калыс-Ордо конуштарын ирригация маселеси, жабык жана ачык коллектордук дренаждык тармактарды куруу долбоорлорун иштеп чыгуу талкууланды. Ошондой эле бизнес долбоорду ишке ашыруу, тактап айтканда, муниципалдык мончолорду куруу маселеси көтөрүлдү.

Жыйынтыгында Максатбек Сазыкулов мындан аркы кызматташууга жана көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, франциялык адистер эки конушту кыдырып, калктын жашоосу менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий