• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядына 31 жыл толду

Коом 0

Бишкек, 26.02.23./Кабар/. ИИМдин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

1992-жылы 23-февралда Ички иштер министрлигинде Атайын багыттагы отряд түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп келүүдө.

ИИМдин 2018-жылдын 23-августундагы буйругунун негизинде Атайын багыттагы полкунун курамына Ички иштер министрлигинин Атайын тез чара көрүү отряды өткөрүлүп берген.

Бүгүнкү күндө отряддын кызматкерлери эң бай кесиптик тажрыйбага ээ. Себеби, отряддын кызматкерлери өзгөчө коркунучтагы куралданган кылмышкерлерди кармоо боюнча жүздөгөн операцияларды ишке ашырат.

"Урматтуу кесиптештер сиздер, күн сайын коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздаган кызматкерлердин биринчи катарындасыңар. Сиздерди отряддын түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгы менен чын дилимден куттуктап, Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, кесиптик ийгиликтерди каалаймын", - деди өз сөзүндө полктун командири, милициянын полковниги Майрамбек Имангазиев.

Андан кийин ИИМдин буйругу окулуп, кызматтык милдеттерин аткарууда өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий