• 88.68
  • 95
  • 0.95

Екатеринбургда Эне тилинин эл аралык күнү белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 26.02.23./Кабар/. Екатеринбург шаарында «Кайрыктар казынасы» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган Эне тил күнүнө арналган адабий-поэтикалык кече болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү, мекендештер, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Кечеде ар кыл муундагы кыргыз акындарынын чыгармалары боюнча көркөм окуу болуп, эне тилге арналган ырлар окулду. Уралдын борборунда жашап жана эмгектенип жаткан поэзия сүйүүчүлөрү, өз калемине таандык ырларын кеченин катышуучуларына тартуулашты.

Башкы консулдуктун кызматкерлери, көркөм поэзия борборунун мүчөлөрү жана аксакалдар жыйындын катышуучуларын Эне тил күнү менен куттуктап, аны сактоо жана кам көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий