• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Манасчы «Саякбай» кинотасмасы Монреалдагы кинофестивалда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 20-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. «Саякбай ХХ кылымдын Гомери» аттуу Саякбай Каралаевдин өмүрү жана чыгармачылыгына арналган тасма Монреалдагы эл аралык кинофестивалда негизги сынакка тандалып алынды.

«Кабар» агенттигине тасманын продюсери Сүйүн Сулайманова билдиргендей, кинофестиваль 24-августтан 4-сентябрга чейин өтөт. Кыргызстанда тасманы 31-авгутта көрсөтүшөт.

Тасманын башкы продюсери Саматбек Ибраев, режиссеру Эрнест Абдыжапаров.

Саякбай Каралаевдин ролун үч актер аткарды: Марат Жанталиев-карыган кезин, Бактыбек Нурмат уула-орто жашын, Үмөт Дөөлөт уулу-бала чагын.

Тасмада Чыңгыз Айтматов дагы бар, анын ролун жазуучунун кичүү баласы Эльдар Айтматов аткарат. «Саякбай» көркөм тасмасы ХХ кылымдын Гомери, тагыраагы «Манас» эпосунун улуу айтуучусу, Саякбай Каралаев жөнүндө баяндайт.

Манасчы өз жашоосун ойлоп жатып Кыргызстандын жана советтер союзунун тарыхындагы кульминациялык тарыхый окуяларды эстейт.

Тасмадагы башкы тема «Манас» баатырдын трилогиясынын табышмагы эсептелет. Саякбай кыргыз баатыры жөнүндө айтып берген уникалдуу адам болгон.

Пикир

Оставить комментарий