• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Табигый кырсыктардан 20 миңге жакын кожолук корголду

Коом 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Жыл башынан бери табигый кырсыктардан 18211 кожолуктун жана 9904 га чарба үлүш жерлери корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМ тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

"Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2019-жылга карата болжолдуу-планы 54 объектте иш мерчемделип кошумча 10 объект кошулган, 6 ай ичинде 56 объектте жумуш жүргүзүлгөн", - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Натыйжада биринчи багыт боюнча 25 объект пайдаланууга берилип, 9921 кожолук жана 6704 га айыл чарба аянттары корголду, ошондой эле 1 мектеп, 1 ФАП жана 555 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болгон.

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты - “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2019-жылдагы болжолдуу-планына 317 обьект киргизилип, 6 ай ичинде республика боюнча 255 обьекте иш-чаралар жүргүзүлүп, 119 объектиде иш бүткөн жана 38 объектиде иштер улантылууда.

Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында 8290 кожолуктун жана 3200 га чарба үлүш жерлерди, 15 км ички чарбалык жол корголду, 2 көп кабатту үй, 2- бала бакча, 1-ички чарбалык көпүрө, 1-мечит, 1-мүрзө, 1-ФАП, 1-ГСВ, 1-ЛЭП, 1 көпүрө сел коркунучунан корголду, 2760 кожолук жол каттамы менен камсыз болду.

"Жалпысынан 381 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 311 объектиде жумуш жүрүп, 224 объектиде жумуштар бүткөн. Натыйжада жалпысынан 18211 кожолуктун жана 9904 га чарба үлүш жерлерди, 15 км ички чарбалык жол корголду, 2 көп кабатту үй, 2 бала бакча, 1 ички чарбалык көпүрө, 1 мечит, 1 мүрзө, 2 ФАП, 1 ГСВ, 1 ЛЭП, 1 көпүрө, 1 мектеп сел коркунучунан корголду, 3315 кожолук жол каттамы менен камсыз болду", - деп кошумчалашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий