• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Кыргызстан Коммерциялык банкы” АККсы президенттикке талапкерлердин бири тарабынан алдамчылык жолу сатылып алынган - акционер

Коом 0

Бишкек, 04.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. “Кыргызстан Коммерциялык банкы” АККсынын мурдагы акционери Калича Умуралиева КР президентине талапкер Өмүрбек Бабанов 2008-жылы ишкананын контролдук пакетин мыйзамсыз жол менен сатып алганын билдирди.

Анын айтымында, ал ошол учурда “Кыргызстан” АКБ директорлор кеңешинин мүчөсү, ошондой эле, бул ишкананын акцияларынын ээси болуп турган.

“Банк ошол мезгилде туруктуу иштеп, өзүнүн активдери болгон. Республика боюнча бөлүмдөрү” кеңири, жеткиликтүү насыялык ресурстары, чет элдик банктар менен кызматташуулары ар түрдүү банктык кызматтарды көрсөтүп, кирешелерди табууга шарт түзгөн”, - деди Умуралиева.

Анын маалыматына ылайык, 2008-жылы Бабановго акциялардын 30%ы таандык болуп, ал контролдук пакетти сатып алуу аракеттерин жасаган.

“Бийликке Бакиевдер келген кезде, Бабанов Максим Бакиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң сатуу тууралуу келишим ишке ашкан. Ал банктын акцияларынын 96%ын сатып алган, ал эми түшкөн акчага биз ошол кезде Максим Бакиевге таандык болуп турган “Аманбанктын” акцияларын сатып алганбыз”, - деп улантты “Кыргызстан Коммерциялык банкы” АККсынын мурдагы акционери.

Ал “Аманбанк” ошол учурда банктардын кара тизмесинде турганын, себеби анда акча жымыруу фактылары аныкталганын баса белгиледи. “Кыргызстан Коммерциялык банкы” АККсынын акционерлери мындай пайдасыз кадамга айла жоктон барышкан, анткени алардын дарегине коркутуулар түшө баштаган.

“Биз бүгүн бул маселени жарандарды алдыдагы шайлоолордо туура эмес тандоодон алдын алуу максатында көтөрүп жатабыз, тиешелүү органдарды “Кыргызстан Коммерциялык банкы” АККсын сатуу келишимин иликтөөгө чакырабыз. Биз бул маселеден дагы көп кызыктуу фактылар чыгарына ишенебиз”,- деп түшүндүрдү билдирүүсүнүн максатын Умуралиева.

Пикир

Оставить комментарий