• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ысык- Көл облустук медиа борборун түзүү жөнүндө буйрукка кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койгон буйрукка ылайык, Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиоберүү уюмунун базасында Ысык-Көл облустук "Ысык-Көл кабарлары" жана "Вести Иссык-Куля" гезит редакцияларын, "Ысык-Көл баяны" райондук гезит редакциясын бириктирүү жолу менен Ысык-Көл облустук медиа борбору кайра уюштурулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, учурда Ысык-Көл облустук медиа борборун КР мыйзамдарына ылайык юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү, Ысык-Көл облустук медиа борборунун штаттык ырааттамасын бекитүү иш- аракеттери башталат.

"Түзүлгөн медиаборбордо мындан ары телекөрсөтүү, газета, маалыматтык сайт, басма сөз борбору жана онлайн көрсөтүү иштеп, облустун бардык райондорунда экиден атайын кабарчылар иштеп, жеринен медиа борборго маалымат жөнөтүп турат. Бул аракеттер заманбап маалымат берүү ыкмаларын пайдалануу менен, аймактагы маалыматтарды ыкчам чыгаруу, мазмунду жакшыртуу, социалдык жана интернет тармактарда онлайн режимин кеңейтүүгө багытталган. Бул иш-аракеттерди алдыга жылдыруу үчүн жаңы түзүлгөн медиа борборлордун тиешелүү кызматкерлерине Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан атайын окутуулар өткөрүлүп, кызматкерлерге шарт түзүп берүү аракеттери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл облустук медиа борборунун фирмалык аталышы мамлекеттик тилде толук аталышы "Ысык-Көл облустук медиаборбору мекемеси", ал эми, расмий тилде толук аталышы "Иссык-Кульский областной медиацентр" болот.

Министрликтин билдиргени боюнча, бул кадам КР Жарандык кодексине ылайык, КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-майындагы №227 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө", КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" жана КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнунда бекитилген №340 Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий