• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

11-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.10.21. /Кабар/. Эртең, 11-октябрда, түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал, ал эми күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жаан-чачын болот.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14 градус, Талас облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15 градс болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18 градус жылуу болот.

11-октябрда Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Күндүз жамгыр жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 11…13 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий